Кара-Балта дарыясынан 15 жаштагы кыздын жансыз денеси чыгарылды
Кара-Балта дарыясынан изделип жаткан 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 6-июнда таңга маал саат 06:30 чамасында Кара-Балта дарыясынан изделип жактан кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылды. Кечээ, 5-июнь күнү саат 18:38 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 97-чакырымында агып өткөн Кара-Балта дарыясына 2008-жылы туулган кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.