SerepTV Logo

Кар көчкүдө дайынсыз жоголгон баланы издөө иштери токтотулду

Кар көчкүдө дайынсыз жоголгон баланы издөө иштери токтотулду
Алай районунда түшкөн кар көчкүдө дайынсыз жоголгон баланы издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымат таратышты. "2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагынын Терек айылында тоодон кар кар көчкү түшкөн. Ошол учурда мал карап жүргөн 2007-жылы туулган бала дайынсыз жоголгон. Бүгүн издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 30дай куткаруучу, 10 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, натыйжа болгон эмес. Кийин жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулду", - деп жазылат маалыматта.
admin@supertv.kg