SerepTV Logo

Кантта окуучулар мушташып, алардын бири ооруканада каза болду

Кантта окуучулар мушташып, алардын бири ооруканада каза болду
Кантта окуучулар мушташып, алардын бири ооруканада эсине келбей каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Окуя 22-январда болгон. Кант шаарындагы №3 мектептин эки окуучусу мушташып, алардын бири оор жаракаттан улам ошол эле күнү ооруканага жаткырылган. Ага операция жасалып, кийинчерээк Бишкектеги жеке клиникага которушкан. Ал 25-январь күнү ооруканада каза болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.