"Каналга түшүп кетиши мүмкүн". Ошто 38 жаштагы киши бүгүн да изделип жатат
Бүгүн, 22-декабрда таң эрте 38 жаштагы адамды издөө иштерин улантууга 10 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Буга кошумча издөө иштерине 1 милиция кызматкери, айыл аймактан 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам, дагы 10 куткаруучу, жалпысынан 32 адам жөнөтүлгөн.
Алай районундагы Жаңы-Алай айылынын 38 жаштагы тургуну (эркек киши) 19-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги жана айыл аралап аккан каналга түшүп кетүүсү мүмкүндүгү тууралуу маалымат 21-декабрь күнү түшкөн. Мындан улам 24 куткаруучу, РИИБ кызматкерлери, тургундар кечээ издөө иштерин аткарып, натыйжа болгон эмес.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="220231,220232"]