SerepTV Logo

"Кан тамырын кескен деп". Бишкекте таанышын өлтүрө сабаган делген жаран кармалды

"Кан тамырын кескен деп". Бишкекте таанышын өлтүрө сабаган делген жаран кармалды
Милиция кызматкерлери денеге оор залал келтирүүгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 16-февралда саат 06:55 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына чалуу болуп, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде эркек киши кан тамырын кескени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барып, 1982-жылы туулган кишинин жансыз денесин табышкан. Денесин кароо учурунда криминалдык тактар байкалган. Факты Октябрь РИИБге катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1977-жылы туулган киши кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.