SerepTV Logo

Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы опузалап пара алууга шектелип кармалды

Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы опузалап пара алууга шектелип кармалды
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты. Кечээ, 11-март күнү УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жеке ишкерден 90 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери  кармалды. Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.
Кармалган жарандар Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="102074,102073"]