SerepTV Logo

Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев кармалып, камакка алынды

Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев кармалып, камакка алынды
УКМК Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиевди кармаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча шектелүүдө. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан анын 4-декабрга чейин камакка алынганын билдиришти. Рустам Турдиев 23 жаштагы Руслан Рустамовдун атасы. Ал Камчы Көлбаевдин кызы Эркеайымдын жолдошу. Алар 2021-жылы жазында баш кошушкан.