Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы 22-мартка чейин узартылды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Камчы Асанбекке [Камчы Көлбаев] карата баш коргоо чарасын узартты.
Райондук соттун басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда СЕРЕП МЕДИА агенттигине билдиргендей, ал 22-мартка чейин №47 түзөтүү абагында болот.
Мындай чечим 17-февралда чыгарылган. Көлбаев кылмыштуу уюм түзгөн же ага катышкан деп шектелип, 2020-жылы 22-октябрда Бишкек шаарында кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Кийин №47 түзөтүү абагына которулган болчу.