Калкты жана жарандык актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы кармалды
Бишкекте Кыргызстандын жарандык паспортун Түркиянын жарандарына мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Калкты жана жарандык актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ИИББнын тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын Түркиянын жарандарына берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемалар аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерде чиновник камакка алынган. Ал мурда Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин төрагасы болуп иштеген. Кармалган чиновник Жазык-процесстик кодексинин 98-99-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө иштери жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.