SerepTV Logo

Кайрымдуулук фонддун атын жамынып алдамчылык кылган шектүү кармалды

Кайрымдуулук фонддун атын жамынып алдамчылык кылган шектүү кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 28-июль күнү Свердлов РИИБге жаран кайрылып, чала таанышы 2025-жылдын март айынан тартып алдоо жолу менен чет өлкөлүк кайрымдуулук фонддордун биринен кыймылсыз мүлк жана 6 даана унаа алып берем деген шылтоо менен ишеничине кирип, 3 миллион 500 сом акчасын ээлеп алган тууралуу билдирген. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан алдамчылык беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1999-жылы туулган жаран аныкталып, камакка алынган.
edita