SerepTV Logo

Кайрат Примбердиевге карата кылмыш иши козголду

Кайрат Примбердиевге карата кылмыш иши козголду
Коопсуздук комитетинен билдиришкендей, ырчы Кайрат Примбердиевге карата «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча кылмыш иши козголгон. "Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1985-жылы туулган П.К.Т. аттуу жаранга карата “Айран-YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды", - деп жазылат билдирүүдө. Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамга ылайык, расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу боюнча аракеттер менен 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.