SerepTV Logo

Кадамжайдагы сел унааларды агызып кеткен, жабыркагандар жок

Кадамжайдагы сел унааларды агызып кеткен, жабыркагандар жок
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Кадамжай районундагы Совет айыл аймагынын тургуну кайрылып, кечээ, 26-июлда сел жүргөнүн билдирип, видео менен бөлүшкөн. Маалыматка караганда, селдин күчү унаа агызгандай болгон. «Электр мамыларын кулатып, зымдар үзүлдү. Сайдагы бак-дарактын баары жууп кетти. 1-2 унааны агызды»,- деген ал. ӨКМден маалыматты тастыкташты. "26-июль күнү саат 19:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Совет айыл аймагындагы тоо этектеринен сел жүрүп, унааларын агызып кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жок. Ошондой эле, Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы Кожокорум, Шум айылдарына баруучу 2 чакырым жана жайлоого баруучу 15 чакырым ички чарбалык жолдорун каптап, электр мамычалары жабыркаган.  26-июль күнү Кадамжай районунда жүргөн селдин кесепеттерин кошумча тактоо максатында Кадамжай райондук №76 ӨКБдан 2 куткаруучу, №107 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет",- дешти.