SerepTV Logo

Кадамжайдагы Пүшкөт жайлоосунда өрт чыкты (сүрөт)

Кадамжайдагы Пүшкөт жайлоосунда өрт чыкты (сүрөт)
Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Пүшкөт жайлоосунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө токой чарбасынан 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам, саат 16:05те ӨКМден 8 куткаруучу, саат 18:25те №2 бөлүмдөн 5 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иш-чаралары убактылуу токтотулган. 8-июль күнү улантылат. Өрттүн себеби жана аянты такталууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62755,62756,62757,62759"]