SerepTV Logo

Кадамжайдагы кыш заводдо эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды

Кадамжайдагы кыш заводдо эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды
Адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Кечээ, 18-декабрь күнү Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы кыш чыгаруучу заводдо белгисиз жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Бул факты Кадамжай РИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 38 жаштагы чет өлкөнүн жараны аныкталып, Сузак районунан кармалды. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.