SerepTV Logo

Кадамжайдагы жол кырсыктан наристе да чарчап калганы маалым болду

Кадамжайдагы жол кырсыктан наристе да чарчап калганы маалым болду
Буга чейин Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришип, кечээ, 7-январь күнү саат 20:00 чамасында Кадамжай району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 131-чакырымында жол кырсыгы катталганын билдиришкен.  Анда 1993-жылы туулган айдоочу Хундай Соната үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып, каршы тилкеге чыгып, Фольсксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен Фольксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара каткан Кадамжай районунун 1975-жылы туулган тургуну денесинен алган жараатынан улам Кадамжай райондук ооруканада каза болгон. Ошондой эле 2024-жылы туулган наристенин чарчап калганы маалым болду. Бул маалыматты Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.