"Жабыркагандар жок". Кадамжайда үй өрттөндү
Бүгүн, 8-январь күнү Айдаркен шаарындагы үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Өрттү өчүрүүгө саат 6:18де 2 бөлүм тартылган. Куткаруучулар тарабынан тилсиз жоо саат 8:55те толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.