Кадамжайда сел жүрдү (видео)
Бүгүн, 18-май күнү саат 13:30 чамасында Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Тазалоо иштерине 6 куткаруучу тартылып, учурда мотопомпа менен сууну тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары жүрүп жаткан селдин видеолорун бөлүшүп жатышат.