SerepTV Logo

Кадамжайда Портер өрттөнүп кетти

Кадамжайда Портер өрттөнүп кетти
Бүгүн, 14-январда саат 08:04тө Кадамжай районунун Халмион айылындагы Баяман базарынын унаа токтоочу жайында турган Портер үлгүсүндөгү авто унаа өрттөнүп жатканы кабарланган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 08:47де өрт толугу менен өчүрүлдү. Жабыр тарткандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.