Кадамжайда милиция кызматкери Жийделик көлүнө чөгүп бараткан баланы куткарып калды
Кадамжайдагы Жийделик көлүндө жыл башынан бери 2 адам сууга чөгүп, бирөөсү каза болгон. Бул тууралуу Кадамжай РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Милиция кызматкерлери күн сайын Жийделик көлүнө эс алууга келген жарандарга сууга түшүү коопсуздугун сактоо керек экенин белгилеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрыкча ата-энеси же башка адамдардын коштоосу жок келген жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлдөөдө.
2022-жылдын июль айынын башында кайгуул күзөт кызматынын милиционери милициянын старшинасы Абдираимов Абдисаит Кызыл-Кыя шаарынын тургунун көлдө чөгүп бараткан жеринен барып куткарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп аман алып калды.
Жогорудагы көлдө жыл башынан бери 2 адам сууга чөгүп бирөөсү каза болду", - деп жазылат маалыматта.