Кадамжайда унаа сууга түшүп кетип, бир аял каза болду
Кадамжайда жеңил унаа сууга түшүп, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Гүлдүрөмө айылында Нургазиев атындагы каналга Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1977-жылы туулган аял киши каза болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун сөөгүн жергиликтүү тургундар унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.