SerepTV Logo

Кадамжайда дарыяга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделип жатат

Кадамжайда дарыяга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделип жатат
Кадамжайда дарыяга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 12-июль күнү Кадамжай районунун Кереге-Таш айылында болгон. 2012-жылы туулган бала Исфайрам-Сай дарыясына түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. Бүгүн улантылат.