Кадамжайда айылдашынын үйүнө ууруга кирген делген жигит кармалды
Айылдашынын үйүнөн акча уурдоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
7-сентябрда Кадамжай районунун Исфайрам айылынын 36 жаштагы тургунунун жашаган үйүнөн түн ичинде 30 миң сом акчасын уурдап кеткендиги боюнча Кадамжай РИИБге маалымат катталат.
Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүргүзгөндүгүнүн негизинде кылмыш изи сууй электе ошол эле айылдын 26 жаштагы тургуну кармалган. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.