SerepTV Logo

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Шектүү блогер камакта калтырылды

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү. Шектүү блогер камакта калтырылды
Ош шаардык соту кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган блогер Батмакан Жолдубаеваны камакта калтырды. Маалыматка караганда, ал 26-майга чейин камакта болот. Буга чейин шектүүгө карата дагы 3 кылмыш иши козголгону маалым болгон. Кабарчынын өлүмү боюнча 28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынып, 26-апрелге дейре Жаза аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине киргизилген