SerepTV Logo

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иш сотко өттү

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иш сотко өттү
Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу иш сотко өттү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук сотунан тастыкташты. Маалыматка караганда, соттук отурум 6-июлга саат 14:00гө белгиленген. Кабарчынын өлүмү боюнча 28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынып, 26-апрелге дейре Жаза аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине киргизилген