SerepTV Logo

Жүрөк хирургиясындагы чыккан өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду

Жүрөк хирургиясындагы чыккан өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы кечээки өрттөн кийин кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Кечээ, 11-февралда саат 21:00дөр чамасында ооруканада чыккан өрт 23:15те өчүрүлгөн. Өрттөн эки бала каза болуп, 260 адам эвакуацияланган. Милиция түшүндүргөндөй, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен иш козголду. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган.