SerepTV Logo

Жылкысын алып чыгам деп, дарыяга чөгүп кеткен депутаттын жансыз денеси табылды

Жылкысын алып чыгам деп, дарыяга чөгүп кеткен депутаттын жансыз денеси табылды

Суусамыр дарыясына чөгүп кеткен Панфилов районунун айылдык кеңешинин депутаты Бакир Исаковдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

11-май күнү Суусамыр суусуна 42 жаштагы эркек киши түшүп кеткен. Бүгүн, 16-майда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 06:15те Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 12 куткаруучу, Жайыл райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 3 куткаруучу, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 1 куткаруучу, 6 суучул, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 15 адам Жумгал районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жумгал райондук №43 ӨКБдан 12 куткаруучу тартылып, жогору аталган жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып туугандарына өткөрүп берилген.

13-майда журналисттерге Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун айылдык кеңешинин депутаты Бакир Исаковдун эжеси кайрылып, анын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин көзүнчө дарыяга чөгүп кеткенин билдирген. 14-майда ӨКМ маалымат таратып, жарандан ӨКМдин «112» кызматына Суусамыр өрөөнүндөгү дарыянын аралчасында калган жылкысын чыгарып берүүнү өтүнгөн кайрылуу түшкөнүн, нөөмөтчүлөр бир нече жолу чалуу түшкөндөн кийин, суунун көлөмү көп болуп, түшүүгө кооптуу экенин эскертишкенин, бирок жаран сууга кирип, жылкысын алып чыгуусун талап кылганын билдиришип, кайык суунун агымына туруштук бере албай, оодарылып кеткенин айтышкан.