SerepTV Logo

"Жылаңач түшкөн видеоңду баарына көрсөтөм". Ошто опузалап акча талап кылууга шектелип өзбекстандык кармалды

"Жылаңач түшкөн видеоңду баарына көрсөтөм". Ошто опузалап акча талап кылууга шектелип өзбекстандык кармалды
Ош шаарында аялдан опузалап акча талап кылууга шектелип Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 31-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына арыз менен Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 52 жаштагы аял киши кайрылган. Анда 26-март күнү чала таанышы арыз ээсинин жылаңач түшкөн видео тасмасы бар экендиги айтып, андан 3 миң доллар акча опузалаган. Акча бербесе видеону интернетке чыгарарын айткан. Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. “Шектүү жабырлануучу менен байланышып, Ош шаарындагы “Каныкей” ресторандын алдында жолугуп, акчаны аларын билдирген. 31-март күнү милиция кызматкерлери жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Ош шаарынан кылмышка шектүү болгон жаранды кармаган. Ал 20 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган”, - деп айтылат маалыматта. Мындан улам шектүү Өзбекстандын Андижан облусунун Коргон шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 39 жаштагы жаран экендиги аныкталып, кармалган. Кылмыш иши боюнча далил буюм катары 20 миң сом алынып, тийиштүү экспертиза дайындалган. Кармалган жаран опузалап талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Unknown Author