SerepTV Logo

Жыл башынан бери өлкөдө 44 адам сууга чөгүп каза болду

Жыл башынан бери өлкөдө 44 адам сууга чөгүп каза болду
Кыргызстанда жыл башынан бери сууга чөгүп каза болгондордун саны 44 адамды түзгөн болсо, анын ичинен 12си 12 жашка чейинки бала. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Аймактар боюнча алганда: - Чүй облусунда 10 адам каза болду, анын ичинен 1 бала; - Нарын облусунда 2 адам каза болду; - Талас облусунда 4 адам каза болду, анын ичинен 3 бала; - Ысык-Көл облусунда 6 адам каза болду, анын ичинен 1 бала; - Жалал-Абад облусунда 8 адам каза болду, анын ичинен 3 бала; - Баткен облусунда 2 адам каза болду, анын ичинен 1 бала; - Ош облусунда 3 адам; - Ош шаарында 5 адам каза болду, анын ичинен 3 бала; - Бишкек шаарында 4 адам каза болду. ӨКМ сууга түшүүчү жайларда этият болууну, өзгөчө  балдарды жалгыз таштабоону эскертет.
Unknown Author