SerepTV Logo

Жыл башынан бери жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 542 жол кырсыгы катталган

Жыл башынан бери жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 542 жол кырсыгы катталган
Эки күндүк "Жөө жүргүнчү" рейди үчүн жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө 140 протокол түзүлдү (айып пул - 1 миң сом). Бул тууралуу Патрулдук милициядан билдиришти. Жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 542 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 588 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Рейддин аягында: - Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүүсүнө тоскоолдук кылган айдоочуларга карата 80 протокол түзүлдү, айып пул 3000 сом; - Мас абалында унаа айдагандыгы үчүн 26 айдоочуга айып пул салынды; - 32 айдоочуга айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандыгы үчүн айып салынган; - башка мыйзам бузуулар - 1498; - Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 137 унаа айып токтоочу жайга киргизилген.
Unknown Author