Жыл башынан бери Жалал-Абадда 174 өрт кырсыгы катталды
2021-жылдын 6 айында Жалал-Абад облусунда 174 өрт кырсыгы катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,2 пайызга өскөн, 2020-жылы 139 өрт катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 7 жаран каза болуп, бирөө жараат алып, 7 автоунаа, 110 тонна тоют жабыркап, 18 миллион 153 миң 392 сомдук материалдык зыян келтирилген. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 429 миллион 203 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Өрт кырсыктарынын 72,4 пайызы турак-жай секторунда катталган.