SerepTV Logo

Жүк ташуучу унаа менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочунун жансыз денеси табылды

Жүк ташуучу унаа менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочунун жансыз денеси табылды

Нарын милициясы дайынсыз жоголгон айдоочунун жансыз денесин тапты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

13-август күнү Нарын-Эки-Нарын унаа жолунун 43-44-чакырымында көпүрө сынып, оор жүк ташуучу унаасы айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап кеткен. Унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган жаран кырсыктан кийин дайынсыз болуп, аны издөө иштери башталган.

Бүгүн, 15-август күнү издөө иштеринин жүрүшүндө, дайынсыз жоголгон айдоочунун жансыз денеси Нарын облусунун Ак-Кыя аймагынан милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө жана документтештирүү иштери жүрүп жатат.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="291845,291846,291847,291848,291849,291850"]
edita