"Жыгач калыптар күйгөн". Бишкекте жаңы курулуп жаткан имараттан өрт чыкты (сүрөт)
Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имаратта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү бөлүм, автошаты жана ыкчам топ тартылган. Саат 21:53тө өрт чектөөгө алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт каптаган аймакта кооптуу жагдай жок. Курулуп жаткан имараттын 6-кабатындагы бетон куюу үчүн дайындалган жыгач калыптар күйгөн. "Өрттүн аянты 700 чарчы метрди түздү. Өрт саат 00:25те толук өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="73211,73212,73213"]