Журналисттердин иликтөөсүнөн кийин Бишкектин сейил бактарындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду
Иликтөөчү журналисттер Адил Турдукулов менен Булат Сатаркуловдун "Коррупциялык мезгилдин сейил бактары" (Парки коррупционнного периода) аттуу журналисттик иликтөөсүнөн кийин Бишкек шаарынын прокуратурасы "Жаштык", "Каражыгач багы" жана "Фучик" атындагы парктарындагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган журналисттер социалдык тармактардагы баракчаларына жазып чыгышты.
Журналисттик иликтөөдө “Жаштык”, “Каражыгач багы" жана “Фучик” атындагы парктарын реконструкциялоого Бишкек шаардык мэриясы 90 миллион сом бөлгөндүгү айтылган. Ал акчага парктарга асфальт төшөлүп, олтургучтар, көзөмөлдөчү камералар, ажаткана жана башка иштер жасалмак, бирок иш жүзүндө андай болбой калгандыгы чагылдырылат.
Мындан улам 1-мартта Бишкек шаардык прокуратура аталган парктарды оңдоп-түзөөдө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам бузулганы, аны менен мамлекетке ири суммада зыян келтирилгенин маалымдап, Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгоду.
Ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан да сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери жүрүүдө.