Журналист Геннадий Павлюктун өлүмү. УКМКнын мурдагы кызматкери мунапыс берүүнү суранды
УКМКнын мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов №27 түзөтүү абагында жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
«Абактагы жаран ага карата мунапыс жарыялоону суранды. Азыр бардыгын сот карап жатат», - дешти ведомстводон.
Исманкулов 2009-жылдын 16-декабрында Алматы шаарында өлтүрүлгөн кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө күнөөлөнүп, кармалган. Ошол күнү Павлюкту 6-кабаттын терезесинен колу-буту скотч менен байлап ыргытып жиберишкен. Туугандары жана жакындары журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырышкан. Бирок тергөө бул кылмыштын «саясий буйрутма» экенин жокко чыгарган.
2011-жылдын 11-октябрында Алматынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык соту Исманкуловго жана Казакстандын эки жаранына карата чечим чыгарган. Исманкулов журналистти барымтага алуу, атайылап киши өлтүрүүнү уюштуруу жана жасалма документтерди жасоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 17 жылга, казакстандыктар 11 жана 10 жылга эркинен ажыратылган.