Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кенинин аймагында жер көчкү жүрдү (сүрөт)
Кечээ, 3-ноябрда саат 13:30 чамасында Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жер көчкү ошол жерде иш алып барган менчик ишкананын 1 экскаваторун басып калган. Айдоочусу жабыркаган эмес, ошол учурда унаада жок болгон. Кырсык катталган жерде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Учурда жеринде тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="81617,81618"]