SerepTV Logo

Жумгалда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады

Жумгалда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады
Жумгалда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короосун, ички чарбалык унаа жолду каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 12-июль күнү саат 22:30 чамасында Жумгал районунун Кабак айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел жүрүп, Сары-Булуң айылында 5 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптаган. Табылгытты, Кызыл-Коргон айылдарында суу сел өтүүчү каналдан өткөн, турак үйлөргө зыян келген эмес. Тазалоо иштерине 6 куткаруучу, 1 жүктөгүч тартылган. 12-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында Арал - Миң-Куш унаа жолу тазаланган. Турак үйлөрдү тазалоо үй ээлерине милдеттендирилген.
Unknown Author