SerepTV Logo

"Жөө жүргүнчүнү сүзгөн". Бишкекте унаа көпүрөдөн кулап, оодарылып калды (видео)

"Жөө жүргүнчүнү сүзгөн". Бишкекте унаа көпүрөдөн кулап, оодарылып калды (видео)
Кечээ, 25-мартта социалдык тармактарда көпүрөдөн түшүп, оодарылып калган унаанын видеосу тараган. Кырсык боюнча Милициянын кайгуул кызматы маалымат берди. Маалыматка караганда, кырсык саат 17:50 чамасында катталган. 1996-жылы туулган жаран Mitsubishi Chariot унаасы менен Лев Толстой көчөсүндө кетип бара жатып, Матыев көчөсүнө жеткенде рулга ээ боло албай 2004-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп, көпүрөдөн түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жаракат алган жөө жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Унаанын ичинде 1998-жылы туулган жүргүнчү катары кетип бара жаткан кыз да ооруканага түшкөн. Факты боюнча териштирүү иштери башталып, унаа айып короого киргизилген.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ?????? ?? ?? (@shtraf__kg)

edita