SerepTV Logo

Бишкекте жөө адамды, кийин кафени сүзүп токтогон айдоочу кармалды

Бишкекте жөө адамды, кийин кафени сүзүп токтогон айдоочу кармалды

"Кореана" кафесинин жанында жөө адамды сүзгөн Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 23 жаштагы жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

«Жабырлануучу Бишкек илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал көкүрөгүнөн жаракат алып, эки тарабынын кабыргалары сынып, плевропульмониялык шок алган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин "Жол кыймылынын коопсуздугу эрежелерин жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо" беренеси боюнча катталган, керектүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

31-августта Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамды, кийин "Кореана" кафесин сүзүп токтогон. Жол кырсыгынан жабыркаган адам ооруканага жаткырылган. Маалым болгондой, окуя болгон күнү айдоочу мас абалында болгон.