"Жолго төгүлгөн мотор майына тайгаланган". Бишкектеги жол кырсыктын видеосу
Кырсык Жибек Жолу менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде катталганын окуянын күбөлөрү билдиришкен.
Алардын айтымында, жолго мотор майы төгүлгөндүктөн Toyota Mark X тайгаланып, айдоочу рулга ээ боло албай калган. Натыйжада унаа аласалып, бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.