SerepTV Logo

Жолду тороп алып, жол талашкан айдоочу кармалды (видео)

Жолду тороп алып, жол талашкан айдоочу кармалды (видео)
Жол эрежесин бузган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 8-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-чакырымынан KIA K7 үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу Мереседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унаасын кысып токтотуп, жол талашып, жарандардын тынчтыгын алган. Бул факты боюнча Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айдоочу аныкталып, Укук бузуулар кодексинин 189-38-беренелерине ылайык айдоочуга 30 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле КIA K7 үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына киргизилди.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ГУОБДД МВД КР (@guobdd_kg)