SerepTV Logo

Жол тескөөчүлөрдүн унаасынын 4 дөңгөлөгүн тең тешип кеткен шектүү кармалды

Жол тескөөчүлөрдүн унаасынын 4 дөңгөлөгүн тең тешип кеткен шектүү кармалды
Бейбаштыкка шектелген жаран кармалганын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан 15-декабрда билдиришти. 12-декабрда Патрулдук милиция кызматкерлери Лебединовка айылындагы үйлөрдүн бирине чакырык менен барышкан. Унаасын ошол жерге токтотуп кетишкенде унаасынын 4 дөңгөлөгүн тең тешип кетишкен. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен катталган. Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
edita