Чычкан капчыгайындагы сууга жол тандабас түшүп кеткен. 2 адам ооруканага жеткирилди
Кечээ, 2-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 275-чакырымында Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Чычкан капчыгайында катталган кырсыкта унаанын ичинде 5 адам болгон, анын ичинен 2 адам жеңил
жаракат алышып, Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок.
Унаанын ээсинин кайрылуусу менен Чычкан суусунан чыгарып берүүгө көмөк көргөзүү үчүн жерине 5 куткаруучу жана 23-жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, ИИМден 1 экипаж тартылган. Натыйжада сууга түшүп кеткен унааны чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.