Жол кырсыкка кабылган блогер Арген Асанов жубайы Аружан Бекешева 3-4 ай баса албарын билдирди
Баткенде жол кырсыкка кабылган блогер Аружан Бекешева дарылануусун улантып жатат. Анын жолдошу Арген Асанов жубайынын абалын сурагандарга жооп берди.
"Өзгөрүү бар, бирок 3-4 ай баса албайт. Буюрса, жазга чейин басып калат деген үмүттөмүн. Мен дайыма жанындамын", - деп жазды ал. Ал ошондой эле өзү да жаракат алып, дарыланып жатканын айтты. "Башка, белге сокку болуптур, дарыланып жатам", - деди ал. Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенде жол кырсыкка кабылышкан. Кырсык 25-декабрь күнү саат 12:30 чамасында Баткен району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында болгон. Баткен шаарынын тургуну өзүнүн Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынан Баткен шаарын көздөй бара жатып рулга ээ боло албай калып, унаа ала салып кеткен.