SerepTV Logo

Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика да жабыркап, бүгүн ага чукул түрдө операция жасалды

Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика да жабыркап, бүгүн ага чукул түрдө операция жасалды
Жол кырсыгынан улам омурткасынан жабыркаган ырчы Анжеликага Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия боюнча илимий-изилдөө борборунда бүгүн, 24-январда шашылыш иретте операция жасалды. Операцияны хирург Сабырбек Жумабеков жүргүзгөн. Оорукананын маалыматы боюнча, ырчы айым кечээ, 23-январда кечинде Түп районунан борбор калаага жеткирилген. Анжеликанын жабыркаган омурткасы калыбына келтирилип, анын абалы учурда туруктуу экендиги кабарланды. Жол кырсыгынан улам эки буту сынган 6 жаштагы Айлин аттуу кызы бүгүн Түп районундагы ооруканадан Бишкектеги бейтапканага реанимобиль менен жеткирилет. Унаанын рулунда Анжеликанын курбусу жана ырчы менен кошо 2 кызы болгондугу айтылып жатат.
admin@supertv.kg