SerepTV Logo

Жогорку соттун статс-катчысы кармалды

Жогорку соттун статс-катчысы кармалды
Бүгүн, 3-мартта Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин статс-катчысы Сталбек Калмаков кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган статс-катчы "Коррупциялык схемаларды түзгөн" деген шек менен айыпталып кармалган. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндөгү маалыматтар боюнча статс-катчы Сталбек Калмаков 2018-жылы департаменттин кызмат адамдары жана сот аткаруучу кызматтын бөлүмдөрү үчүн «Сот тутумунун карызкорлорунун реестри» автоматташтырылган маалыматтык системаны, ошондой эле башка программаларды иштеп чыгуу боюнча формалдуу тендер өткөрүп, IT-компаниялар менен 4 миллион 84 миң 500 сомго жасалма келишим түзгөн. Учурда аталган факты боюнча УКМК тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Unknown Author