SerepTV Logo

Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин мандатына байланышкан соттук отурум өтүп жатат

Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин мандатына байланышкан соттук отурум өтүп жатат
Бүгүн, 3-мартта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевга БШК тарабынан берилген мандаты үчүн БШКга каршы доо арыз менен кайрылган Темирлан Ормуковдун арызын карап жатат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдагы чечиминин негизинде депутаттык мандатынан ажыратылган. 2020-жылы октябрда Текебаев Жогорку Соттун 2019-жылдын 21-августундагы анын кылмыш ишиндеги алгачкы эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылган чечими менен БШКнын ага байланыштуу мурунку чечимдерин жокко чыгарып, анын мандатын кайтарып берүүнү суранган. Натыйжада, мандат кайтарылып берилген. Андан кийин Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы анын айыпталуучу деген статусуна байланыштуу Текебаевге мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу. 23-ноябрда Административдик сот БШКнын 2020-жылдын 15-октябрындагы токтомун жокко чыгарган. Акыры БШК соттун чечимине каршы чыккан эле. Өткөн аптада Жогорку Сот бул ишке байланышкан ишти караган, бирок Текебаев соттук отурумга келген эмес, ошондуктан соттук отурум бүгүнкүгө жылдырылган болчу.
edita