Жогорку Сот Карганбек Самаковго карата чыккан өкүмдү жокко чыгарды
Жогорку Сот Карганбек Самаковго карата чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда жогорку инстанциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"3-февралдагы токтомго ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылды. Ишти кайрадан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Октябрь райондук соту 2017-жылдын 20-декабрында экс-депутат Карганбек Самаковду катаал тартипте 10 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарган. Бирок эки мунапыс менен абак мөөнөтү үчтөн экиге кыскарган болчу.