Жогорку Сот Камчыбек Ташиевдин инисинин өкүмүн жокко чыгарды
Жогорку Сот 2012-жылы Бишкек-Ош унаа жолун тоскон Камчыбек Ташиевдин тарапташтары жана иниси Шаирбек Ташиевге карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Соттон билдиришти.
Жогорку Соттун чечими менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2013-жылдын 6-ноябрындагы жана 2013-жылдын 13-декабрындагы облустук соттун Медербек Үсөнов, Абсаттар Сыргабаев, Жеңиш Токторбаев жана Шаирбек Ташиевге карата чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылды. «Кылмыш иши Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Кассациялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылды», - деп билдиришти Жогорку Соттон.
2013-жылы Камчыбек Ташиевдин тарапташтары Бишкек-Ош унаа жолун буушкан. Уруксат берилбеген нааразычылык акциясынын уюштуруучулары бийликке бир катар талаптарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин үч депутаты - Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан жана ошол учурда бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн кармалышкан. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту кармалгандарды шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.