SerepTV Logo

Жогорку кызматтагы адамдар пара алып кармалышты

Жогорку кызматтагы адамдар пара алып кармалышты
Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорундагы Салык кызматынын жогорку кызмат адамдары пара алуу фактысы боюнча кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Свердлов райондук салык кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары «К.У.К» жана Ленин району боюнча салык кызматынын инспектору «У.А.А.» кармалышкан. Алар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алышып, жасалма документтерди колдонушуп, Кыргызстанга импорттолуучу элге керектлүүчү товарларга салыктык салыктык чегерүү алынып салынгандыгы аныкталды. Ошондой эле жогорудагы аткаминерлер салык төлөөдөн баш тартууга жардамы үчүн сыйлык катары 240 миң сом өлчөмүндө пара алышкан. Учурда кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип аларга карата тергөө-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Unknown Author