Жогорку Кеңештин депутаты УКМК тарабынан кармалды
Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты кармалганын билдирип, бирок анын аты-жөнүн ачыкка чыгарбай койду. "Ал 8 жыл мурда чоң кылмыш кылганы үчүн азыр мамлекетке ири суммадагы акчаны кайтарып жатат. Жарымын төлөдү", - деди Ташиев.
УКМКнын төрагасынын айтымында, ар бир чиновник жана ар бир депутат тапшырган декларациясына ылайык текшерүүдөн өтөт.